БУЛ ПРОГРАММАДА СИЗ
Мыктыбек Арстанбектин ишмердүүлүгү
Бизнесте, тренер, тажрыйбалуу турмуштук адис катары жаштарга үлгү жаратуучу кеңештери, жашоо маңызын үйрөтүүчү сабактары, өзүнүн басып өткөн жолу, ата-теги, көз-карашы, туура тамактануу, өзгөрүү үчүн эмне керектиги, адамдын жашоосун таптакыр башка нукка салып ийүүчү дарамети менен бөлүшүп турмакчы.
Программада Мыктыбек Арстанбектин жаштарга берүүчү баалуу кеңештери менен кошо “Бизнес нөлдөн”, “Кантип өзгөрөм?”, “Сүрдү жеңүү”, “Акча сарптоо” тренингдери, анда өтүлгөн сабактар, бизнести куруудагы негизги фишкалар, инструменттер, адамды өзгөртүүгө түртүүчү кеңештер, көнүгүүлөр, тапшырмалар менен таанышып, кошо аракетке өтүп, пайдалуу усулдарды ала аласыздар.
Адам ким? Анын напсиси кантип иштейт? Мээ, акылдан эмнеси менен айырмаланат? Акча качан пайда болгон? Акча Кыргызстанда кантип иштетилет? Үй-бүлөдө кадыр-баркың канчалык? Эмне максат менен жашап жүрөсүң? Өзгөрүүгө эмне тоскоолдук болуп жатат? Ушул жана көптөгөн чечилбеген түйүндөргө, суроолорго жооп тапсаңыздар болот.
Андыктан, бул программага кирип, кеңеш алып турсаңыздар болот.






M.A - 2024